Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси былтыр 7,7 млрд сомду түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 7,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын маалыматтык технологиялар форумунда билдирди.

"Менин оюмча, бул чек эмес, жыйынтыкты эки же үч эсеге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Потенциалды пайдалануу үчүн инновациянын туруктуу системасы, стартаптарды колдоо жана өнүктүрүү керек»", - деди ал.

Минкаб төрагасы ошондой эле, инфраструктура, венчурдук капитал, илимий-изилдөө институттары, технологиялар топтоло турган стартаптарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Биз алдыңкы технологияларды түзүүчү компаниялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга, аларды колдоо механизмин иштеп чыгууга, ченемдик санариптик кумкоргоолорду түзүүгө, венчурдук инвесторлорду тартууга, стартаптарыбызга насаатчылык колдоону, инвестицияларды, окутууну жана аларды масштабдуу, интенсивдүү өсүүсү үчүн ресурстарга жетүүнү камсыз кылышыбыз керек", - деп жыйынтыктады сөзүн Акылбек Жапаров.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги форумдун башкы маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий