Бишкек, 28.12.24. /Кабар/. Майрам күндөрү өз алдынча жол кире акыларын көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жаңы жыл майрамынын астында автобекеттерге барып, Бишкек шаарынан сырткары аймактарга каттаган маршруттук жана жеке таксилердин айдоочуларына майрам күндөрү жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Эгерде жүргүнчүлөрдү кыйнап, өз алдынча жол кире акыларын көтөрүп алган учурлар аныкталса мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөрүү эскертилди.
Андан тышкары, ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жаңы жыл майрамы күндөрү алыскы аймактарга чыгышкан жүргүнчүлөр үчүн Бишкек – Каракол багытына карата 10 кичи автобус кошумча каттамга киргизилди.
Эгерде майрам күндөрү алыскы аймактарга жолго чыккан жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө, дагы кошумча каттам үчүн маршруттук унаалар киргизилет.
Пикир
Оставить комментарий