• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

“Жол фонду жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Жол фонду жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам аны КР Салык кодексинин 334, 336-беренелерине ылайык келтирүү максатында жана каражаттарды топтоо, өлкөнүн автомобиль жолдорун курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана техникалык өнүктүрүүнү каржылоо боюнча милдеттерди аткаруу максатында даярдалган.

Мыйзамга ылайык, Жол фондунун каражаттары анын ичинде автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (СКГ) акциз салыгынын элүү пайыздан кем эмеси эсебинен түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий