Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Жол инспекторлору жетекчилик тараптан белгиленген жерлерде гана турушу керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлер постторго бөлүнгөндө атайын дислокация белгиленет.
"Кайсы жерде унаалардын кыймылы көп, жол кырсыктары кайсы аймакта көп катталары талданып ошол жерлерге кызматкерлер бөлүнөт. Маселен жай мезгилинде Бишкек - Нарын - Торугарт, Бишкек - Каракол багыты боюнча унаа кыймылы абдан жогору болуп, катуу ылдамдыкта айдагандардын саны көп катталат. Ошол себептүү жол кырсыктарын алдын алуу максатында күзөт посттору коюлат. Ал эми Бишкек шаарынын аймагы боюнча 4 районго бекитилген кызматкерлер болот. Ар бир кызматкер өзүнө бөлүнгөн участокто гана иш алып барат. Белгилүү болгондой, биздин башкармалык бир гана жол коопсуздугун камсыздоо багытында эмес, коомдук тартипти камсыздоодо да иш алып баргандыктан, жетекчилик тараптан белгиленген постту 102 тарабынан чакыруу түшкөн учурда гана таштап кетпесе, башка маалда таштабайт", - деди Айтикул уулу.
Белгилей кетсек, ЖКККББнын кызматкерлери кайсыл участокто иш алып барып жатканын көзөмөлдөө максатында кызматтык унааларына GPS жабдуулары орнотулууда.
Пикир
Оставить комментарий