• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жол кырсыгы. Кайгуул кызматкерлери аймактарга каттаган такси айдоочулары менен иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн алыскы каттамга каттаган маршруттук унааларынын айдоочулары менен иш алып барууда.

Аталган кызматтан билдиришкендей, кызматкерлер жүргүнчүлөрдү жана чет өлкөдөн келген туристтерди алыскы аймактарга ташыган маршруттук унаалардын айдоочуларына жана маршруттук каттамдардын компанияларынын жетекчилерине чогулуштарды өткөрүүдө. Анда жол кырсыктарын алдын алуу жана аны болтурбоо, ошондой эле COVID илдетине каршы көрсөтүлгөн бардык санитардык гигиеналык талаптар толук аткарылышы керектигин эскертишти.

Автобекеттердеги алыскы аймакка жүргүнчү ташыган маршруттук унаалардын техникалык, санитардык абалы текшерилип, тийиштүү эскертүүлөр жана сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий