• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жол кырсыгынын күнөөкөрү болгон милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектин так ортосундагы жол кырсыгынын күнөөкөрү болгон милиция кызматкери Убактылуу тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факты боюнча иликтөө иштери эки айдан соң башталат. Бул тууралуу “Кабарга” Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары жүрүп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, Бишкекте 18-августта Айтматов проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Windom унаасында бара жаткан 28 жаштагы милиция кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Ал мас абалында болуп, Mazda үлгүсүндөгү унааны барып сүзгөн. Натыйжада эки адам каза болуп, Mazda унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий