• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жол оңдоо. 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.

Белгилей кетсек, Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий