• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жол оңдоо: Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисине чейин ачылды

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 24-июлда Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү пландан бир күн мурда ачылды.

Буга байланыштуу төмөнкү автобустардын кыймылы өзгөртүлдү - № 42, 55, 100, 145, 152, 169, 226.

Белгилей кетсек, Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу, бордюр орнотуу жана асфальт басууга даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий