• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жол оңдоо. Бишкекте Чүй проспектисинин дагы бир бөлүгү жабылды

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 22-июлунан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.

Белгилей кетсек, Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Пикир

Оставить комментарий