• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жол оңдоо: Эртеңден тарта Бишкектин Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-июлдан тарта М.Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Анын биринчи этабында Горький көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Белгилей кетсек, М.Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдолот.

Пикир

Оставить комментарий