• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Жол оңдоо. Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиевге чейинки бөлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинадан Юнусалиевге чейинки бөлүгү ачылып, коомдук транспорттун каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-октябрда Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды.

Буга байланыштуу аталган көчөлөрдө №102, 145, 175 автобус каттамдары кайрадан иштей баштайт. Ошондой эле, № 48 автобустун маршруту убактылуу өзгөртүлүп, ага ылайык, акыркы аялдама Учкун конушуна чейин узартылды.

Төмөндө № 48 автобустун маршруттук каттамынын схемасы:

Пикир

Оставить комментарий