• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жол тыгыны менен күрөшүү. Бишкекте унаа кыймылына чектөө киргизүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы унаа кыймылына чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Муниципалитет тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте айтылгандай, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, айдоочулардын 52%дан ашыгы жалгыз (автомобилдин салонунда), 33% бир жүргүнчү менен, 10% эки жүргүнчү менен жүргөндүгү аныкталган. Ал эми үч же андан көп жүргүнчү менен транспорт каражатынын 3,2% гана жүрөт. Башкача айтканда, шаардын жолдорундагы машиналардын 85% жарым-жартылай толтурулбай айдалат, бул жол инфратүзүмүнө кошумча жүк келтирет жана жол тыгындарынын пайда болушуна шарт түзөт.

Республикалык маанидеги шаарларда транспорт агымын жеңилдетүү максатында, транспорт каражаттарынын кыймылын уюштуруу боюнча чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Мыйзам долбоору менен республикалык маанидеги шаарлардын жолдорунда мамлекеттик каттоонун номердик белгилери боюнча транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү сунушталууда. Ушундай эле чечим Монголиянын Улан-Батор шаарында ийгиликтүү колдонулууда.

Ошентип, республикалык маанидеги шаарлардагы транспорттук жол тыгындар көйгөйүн транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүүнү караган радикалдуу чараларды көрүү жолу менен чечүү сунушталат. Тактап айтканда, мамлекеттик каттоонун номердик белгилери аяктаган акыркы цифраларына карата төмөнкү чектөөлөр сунушталууда:

– 1 жана 2 – ар бир дүйшөмбү күнү республикалык маанидеги шаарлардагы жол кыймылына катышпайт;
– 3 жана 4 – ар бир шейшемби күнү республикалык маанидеги шаарлардагы жол кыймылына катышпайт;
– 5 жана 6 – ар бир шаршемби күнү республикалык маанидеги шаарлардагы жол кыймылына катышпайт;
– 7 жана 8 – ар бир бейшемби күнү республикалык маанидеги шаарлардагы жол кыймылына катышпайт;
– 9 жана 0 – ар бир жума күнү республикалык маанидеги шаарлардагы жол кыймылына катышпайт.

Бул чектөөлөр ишемби, жекшемби жана майрамдык эс алуу күндөрүн кошпогондо, күн сайын саат 07:00дөн 21:00гө чейин иш күндөрү колдонула тургандыгы болжолдонууда. Аталган чараларды көрүү республикалык маанидеги шаарлардын автомобиль жолдорун күн сайын болжол менен 20%га жеңилдетүүгө алып келет.

Башкача айтканда, республикалык маанидеги шаарлардын автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө жумасына бир жолу гана чектөө коюлат. Мында бул чектөө атайын, нөөмөтчү жана коомдук автотранспортко жайылтылбайт.

Пикир

Оставить комментарий