• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жолдорду капиталдык оңдоо. Бишкекте 2 троллейбустук каттамдын кыймылы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Учурда Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.

Буга байланыштуу №5 жана №7 троллейбустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

№7 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү: Киев көчөсүнөн чыгыш тарапка троллейбустар Абдрахманов көчөсүнө бурулуп, түндүктү көздөй Чүй проспектисин көздөй бет алышат. Андан ары маршрут Валиханов көчөсү менен, андан ары Анкара көчөсү менен жана Тунгуч акыркы диспетчердик пунктка барат. Кайтуу жолу да ошол эле схема боюнча өтөт.

21-июндан тарта №5 троллейбустук каттам Тунгуч кичи районунан Батыш автобекетине чейин убактылуу каттайт.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий