• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жолдорду капиталдык оңдоо. Бишкекте автобус каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Учурда Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.

Буга байланыштуу №№6, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 195, 212, 226 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт.

Кыймыл схемалары менен шилтеме аркылуу таанышса болот.

Пикир

Оставить комментарий