• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жоопкерчиликти бир адам мойнуна ала турган система түздүк — Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. «Биз жоопкерчиликти бир адам мойнуна ала турган системаны түздүк деп эсептейм», - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров «Азаттык» үналгысына берген маегинде.

Ал өз сөзүндө жаңы Баш мыйзамдын долбоору сунушталып, референдум 11-апрелге белгиленгендигин эске салды.

«Жаңы Конституциянын тагдырын эл чечет. Менин оюмча бул Баш мыйзам мамлекетти алдыга жылдырып, тартип орното турган Конституция болот. Буга чейин парламенттик, парламенттик-президенттик жана президенттик башкарууда жашап келдик. Учурдагы Баш мыйзамда үч бийлик бар. Акыркы 10 жылда үч башка бийлик болгону бюрократияны көбөйтүп, чечкиндүүлүк чараларын эч ким мойнуна албай тургандыгын көрсөттү. Кыргызстан акыркы 30 жыл ичинде эмненин гана көргөн жок. Бийлик бутагы бир болушу керектигин турмуш өзү көрсөттү. Президент өкмөттүн же парламенттин колу менен иш кылып, аларга шылтап отура берет. Мен да ошентсем болмок, бирок анда биз дагы 5-10 жыл жоготобуз», - дейт Жапаров.

Президент жоопкерчиликти бир адам мойнуна ала турган системаны түздүк деп эсептейт.

«Конституциянын жаңы долбоорунда экономика, ички жана тышкы саясатка да президент керт башы менен жооп берет деп жазылып турат. 30 жылдан бери мен жооп берем деген адам болгон эмес», - дейт президент.

Пикир

Оставить комментарий