ЖОЖдордун улуттук рейтингин жүргүзүү боюнча уюмдарга сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2-февралдан тартып Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдарды тандап баштайт.

Министрликтин маалыматына ылайык, ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюм төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:

- Кыргызстандын аймагында катталган жана билим берүүнүн сапатын баалоо жана/же рейтинг чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;

- сапатты баалоо боюнча агенттиктердин таанылган эки – EQAR же APQR эл аралык реестринин бирине кирүү;

- сапатты камсыздоо жана аккредитациялоо боюнча эл аралык тармактарга 3 жылдан кем эмес мүчөлүгү;

- Кыргызстандын аймагында билим берүү жаатында кесиптик изилдөөлөрдү жана масштабдуу сурамжылоолорду жүргүзүүдө 7 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;

- билим берүүнүн сапатына кепилдик берүү боюнча иш берүүчүлөр, ошондой эле эл аралык тармактар же уюмдар менен ишке ашырылган биргелешкен демилгелердин же долбоорлордун болушу;

- баалоо боюнча өзүнүн иштелип чыккан методологиясын камтыган баалоо боюнча иш-чараларды, конкурстарды, мелдештерди өткөрүүдө тажрыйбасынын болушу;

- жыл сайын жүргүзүлүүчү көз карандысыз финансылык аудиттин жок дегенде акыркы 2 жылдагы оң корутундусу менен ырастоосунун болушу;

- ар кандай конкурстук тандоонун методологиясын иштеп чыгуу жана өткөрүү боюнча тажрыйбанын болушу;

- ЖОЖдордун рейтингин жүргүзүү методологиясынын болушу;

- рейтинг жүргүзүү боюнча автоматташтырылган системанын болушу.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүүгө талапкер уюмдар министрликке төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

1) эркин формадагы арыз;

2) юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) уюмдун жогоруда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган документтер.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 2-февралынан 10-февралына чейин (7 жумушчу күндүн ичинде) саат 9.00дөн 18.00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий