ЖРТ-2020. Баткен облусунда алты окуучу жогорку упай топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болушту

Аймак 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөдөн Баткен облусунда алты окуучу жогорку упайларды топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чолпон Абдисуханова Кадамжай лицейинин бүтүрүүчүсү 228 упай, Сабырбек Маликов Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү 224 упай, Азамат Бекбаев Лейлек районунун №3 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү 223 упай, Өмүрбек уулу Марсел Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү 220 упай., Умиджон Идрисов Кадамжайдагы “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү 220 упай, Перизат Ибрагимова Баткен облустук гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү 220 упай алышты.

Белгилей кетсек, республика боюнча эң жогорку упай 229 болсо, Баткен облусунунун бүтүрүүчүсү Ч.Абдисуханова 228 упай алган.

Баткен облусу экинчи жыл катары менен өлкө боюнча экинчи орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий