• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ЖРТ жогорку окуу жайга тапшырууда коррупция менен күрөшүүнүн ишенимдүү куралы – министр

Билим 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөө - жогорку окуу жайга тапшырууда коррупция менен күрөшүүнүн ишенимдүү куралы. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, тестирлөөнүн негизги максаттарынын бири – бала тест тапшырууну же тапшырбоону тандоосу. Ал эми экинчиден, бул университеттерге кабыл алууда билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөштүн эң ишенимдүү жана негизги куралы бойдон кала берет.

Министр белгилегендей, ЖРТ бардык бүтүрүүчүлөр үчүн бирдей шарттарды түзөт, анткени анын теңдештирүүчү коэффициенти бар, ал шаарларда же айылдарда жашаган, мамлекеттик же жеке менчик мектептерде окуган балдардын укуктарын теңдөө үчүн зарыл.

Пикир

Оставить комментарий