• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

ЖРТда бүтүрүүчүлөрү жогорку упай алган мектептердин тизмеси

Билим 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) бүтүрүүчүлөрү жогорку упай алган мектептердин тизмесин жарыялады.

Ведомствонун рейтингинин сап башында Е. Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи турат, мында 7 бүтүрүүчү эң жогорку упайды жана “Алтын сертификат” алган.

Ошондой эле “Алтын сертификат” алууга 4төн бүтүрүүчүсү талапкер болгон мектептер:

  • Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
  • Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;

3төн бүтүрүүчүсү:

  • Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;

2ден бүтүрүүчүсү:

  • Бишкек шаары, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
  • Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
  • Ош облусу, Ош шаары “Сема” Ош лицейи;
  • Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;

Пикир

Оставить комментарий