• 87
  • 90.41
  • 0.84

ЖРТнын жыйынтыктары маданият жана дене тарбия окуу жайларына кабыл алууда милдеттүү эмес

Билим 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары маданият, искусство окуу жайларына, дене тарбия жана спорт адистиктерине кабыл алууда милдеттүү эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган жогорку окуу жайларында абитуриенттер үчүн кирүү сынактары салттуу режимде өткөрүлөт.

“Бул учурда ЖОЖдор тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө (аралыкты сактоо, дене табын ченөө, имарат, окуу аудиторияларды дезинфекциялоо, абитуриенттердин массалык чогулуусуна жол бербөө, беткаптарды кийүү, санитайзерлерди колдонуу ж.б.) камсыздоого милдеттүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин талаптарын аткарууга тийиш”, - деп белгиледи Жусупбекова.

Пикир

Оставить комментарий