• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жугуштуу оорулар ооруканасына бир күндө 151 бейтап кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 151 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 86сы жаш балдар.

"Кайрылгандардын 35и ооруканага жаткырылды, алардын 28и балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 21 адам кайрылса, алардын 9у ооруканада, 12 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 25 адам кайрылган, алардын 10у ооруканага жаткырылып, 15 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий