Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеӊештин трагасы Дастанбек Жумабеков сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону Денис Петрашовго энчилүү саат тапшырып, аны жеӊиши менен куттуктады, - деп билдирет КР ЖКнын басма сөз кызматы.
Ал өзү сыяктуу спортчулар Кыргызстандын желегин эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде желбиретип жатышкандыгына токтолду. «Өлкөбүздөн ушундай таланттуу спортчулар чыгып жаткандыгы өтө кубанычтуу. Спорт жаатындагы силердин жетишкендиктериӊер, силер жараткан ийгиликтер командаӊардын өлкө үчүн кандай мээнет кылып, аракет көрүп жатканынан кабар берет. Андыктан биз, силер менен чексиз сыймыктанабыз жана силерди ар тараптан колдоого даярбыз» - дейт Д.Жумабеков.
Ошондой эле Жогорку Кеӊештин төрагасы жакын арада Кыргызстанда стадион, бассейн, хоккей талаасы өӊдүү бир катар спорттук объектилер курула тургандыгы тууралуу кеп кылды.
Дастанбек Жумабеков спортчу Денис Петрашовго чыӊ ден соолук тилеп, мындан аркы кадамдарына ийликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Денис Петрашов Индияда өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште 200 метрлик аралыкты 13,81 секундда сүзүп, биринчи келген. Жалпысынан бул мелдеште ал бир алтын жана эки күмүш медалга ээ болгон. Мындан сырткары, ал дүйнө чемпиондугуна катышып, 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Пикир
Оставить комментарий