• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жумабеков баштаган делегаттар Ташкентте Олий Мажилистин Сенатынын төрагасы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрөгасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Ташкенттеги жолугушуулардын алдында “Көз карандысыздык жана гуманизм” монументине гүл койду. Андан соң Кыргыз тарап Өзбекстандын Олий Мажилисинин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев менен көрүштү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер, айрыкча чек ара, соода-сатык багытындагы карым-катыштар жакшырып баратканы белгиленди. Тараптар эки өлкөнүн президенттери баштаган кызматташуунун жаңы баскычын мындан ары да бекемдөөгө парламенттер аралык байланыштар өбөлгө түзөөрүн айтып өтүштү.

“Жакында өлкө башчылары С.Жээнбеков менен Ш.Мирзиеев жолукканда Сооронбай Шарипович 25 жылда жасалбаган жакындашуу бир жылдын ичинде ишке ашканын айтты. Анткени, чек аралар ачылып, көптөгөн жылдар бою катташа албай жүргөн элибизге кубаныч тартууланды. Биз парламент өкүлдөрү дагы бул жагымдуу процесстин бир бөлүгү болуп калышыбыз керек”, - деди Д.Жумабеков. Ошону менен бирге Кыргыз тарап Өзбекстандын парламентинин жетекчилерин дагы Бишкекке расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Нигматилла Юлдашев болсо Кыргызстанды Өзбекстандын Кудай кошкон коңшусу эле эмес, “мезгил сыноосунан өткөн ишенимдүү өнөгү” катары мүнөздөдү. “Өтүп жаткан жыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы байланышты бекемдеген жемиштүү жыл болду. Келерки жылы соода-сатык жүгүртүүнүн көлөмүн 500 миллион долларга жеткирели деп жатабыз. 2018-жылы эки өлкө ортосунда маданий байланыштарыбыз дагы жакшырат деген үмүттөбүз. Мисалы, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун маарекесин өткөрүүгө биз да даярданып жатабыз. Анткени, Өзбекстанда Айтматовдун чыгармаларын окубаган үй-бүлө жок”, - деди Н.Юлдашев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков баштаган парламенттик делегация эки күндүк расмий иш сапары менен Өзбекстанда жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар Алмасбек Акматов, Азизбек Турсунбаев, Мурадыл Мадеминов, Алярбек Абжалиев, Камчыбек Жолдошбаев, Бакирдин Субанбеков, Сайдулла Нышанов жана Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков бар.

Пикир

Оставить комментарий