Жумабеков: Орозодо кыргызстандыктар колдоого жана коргоого муктаж болгондорго ѳзгѳчѳ камкордук кѳрүштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады, - деп маалымдайт КР ЖКнын басма сөз кызматы.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке ѳзүмдүн атымдан ыйык Орозо айынын аяктаганын жар салган Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Орозо айт – отуз күн туткан ыйык орозобуздун руханий тазаруу, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу ѳзгѳчѳ касиеттерин жалпыга жайылтат. Бул майрам мусулмандарды баш коштуруп, дилин бириктирип, боордоштук, бир туугандык байланыштарын чыңдайт, жалпы дүйнѳнү кайрымдуулукка үндөйт.

Бул жылы ыйык Орозо айы коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу катаал чектѳѳлѳрдүн шарттарында ѳттү. Бирок, кѳптѳгѳн кыйынчылыктарга карабастан, бул ай ынтымак-ырашкерликке, ырыс-кутка жана айкѳлдүккѳ чулганып турду. Карантин жана Орозо айы учурунда кыргызстандыктар ѳздѳрүнүкүнѳн ѳзгѳлѳрдүн муктаждыктарын жогору коюшту, колдоого жана коргоого муктаж болгондорго ѳзгѳчѳ камкордук кѳрүштү. Мындай ыйман-ыкластуу аракеттер Исламдын чыныгы осуяттарын даңазалайт.

Кымбаттуу мекендештер!

Орозо айтыбызда Жараткан ар бир үйгѳ, бардык үй-бүлѳгѳ ѳзгѳчѳ жылуулук, кубаныч, ынтымак-ырашкерлик, бакубатчылык, тынчтык жана ыйман-ырыскы алып келсин!

Майрамыңыздар менен!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин тѳрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий