• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жумабеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйынына катышуу үчүн Түркия Республикасына барып, иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков аталган өлкөнүн Улуу Улуттук Жыйынын Төрагасы Бинали Йылдырым менен жолугушту.

Жолугушууда Бинали Йылдырым эки өлкөнүн мамилеси динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгилеп, азыркы учурда жогорку деңгээлде экенин кошумчалады.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун биздин өлкөгө расмий иш сапар менен келиши, андан соң III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусу эки тараптуу алакалардын өнүгүшүнө өбөлгө болду. Алдыда дагы бир маанилүү иш-чара – Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III жыйыны болору күтүлүүдө. Жыйын Евразиянын экономикалык кызматташтыгы менен туруктуу өнүгүүсүнө арналып, анда биздин аймакка тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер талкууланат. Андан тышкары, көп тараптуу кызматташтык маселесине да көңүл бурулат”, – деди Төрага Бинали Йылдырым.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жылуу кабыл алгандыгы үчүн Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырымга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле эки өлкө жалпы тарыхка ээ экенин белгилеп, түрк тилдүү дүйнөдө биргеликте өнүгүү менен көздөгөн максаттарды ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

“Биз жалпы максатка ээ экендигибиз жана жетишкендиктерге карай бирге аракет көрүп жаткандыгыбыз кубандырат. Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйынында да күн тартибинде турган бардык маселелер талкууланарына ишенем. Айрыкча, биз келечекте да биргеликте көптөгөн ийгиликтерге жетише алабыз”, – деп билдирди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III жыйынына катышуу үчүн Түркия Республикасында жүрөт. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Эргешов, Жылдыз Мусабекова жана Гүлшат Асылбаева бар. Жыйындын алкагында экология, демография көйгөйлөрү көтөрүлүп, дүйнөлүк чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланат. Иш-чаранын катышуучулары аталган жыйын бардык Евразия чөлкөмүндөгү парламент жетекчилерин бир антка чогулткандыгы менен уникалдуу экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий