• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жумгал районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Нарын облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, имарат заманбап талаптарга жооп берет, мында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жаңы имаратта жарандарды кабыл алуу, укук бузууларды иликтөө, ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүүлөр камтылган. Мындан тышкары, жаңы техникалык жабдуулар коомдук тартипти камсыздоону дагы натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бөлүмдүн жаңы имараты жергиликтүү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча кызматтардын сапатын жакшыртаарын баса белгилеп,

"Жаңы имарат биздин кызматкерлерге ишти сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө зор мүмкүнчүлүк берет. Бул коомдук коопсуздукту камсыздоодо жаңы этаптын башталышы", – деди министр өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий