Жумгал районунда 224 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Жумгал райондук электр тармактары ишканасы кышка карата оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бул иштин алкагында Жумгал РЭТнин тейлөөсүндөгү 233 трансформатордун ичинен 224ү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, техникалык тейлөөгө алынат. Бүгүнкү күндө 46 трансформатор оңдолду.

Ошондой эле бул иштердин алкагында 652,1 чакырым аба чубалгыларында накталап жана техникалык тейлөө жүргүзүү мерчемделсе, учурда 160,7 чакырым чубалгы оңдолуп бүткөн.

Мындан сырткары, 5 чакырым 10 жана 0,4 кВ аба чубалгылары кайра курулуп, кошумча 4,25 чакырым жаңы аба чубалгылары курулат. Бул иштердин баары аймактын электр камсыздоосун жакшыртууга багытталган.

белгиленгендей, оңдоо иштеринин кайсы аймакта жана качан жүргүзүлөөрү тууралуу маалыматты расмий сайттан, же "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий