Жумгал районунун Түгөл-Сай айылына 36 млн сомго спорт зал курулду

Аймак 0


Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы спорт залдын курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорт залдын курулуш иштери 2020-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Белгиленгендей, курулушка жалпысынан 36 млн сомдон ашык каражат жумшалды. Имараттын жалпы аянты 610 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий