• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жумгалда бир катар социалдык объектилердин курулушу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бактыяр Станбеков жумушчу сапары менен Жумгал районунда болушту.

Мамкурулуштан билдиришкендей, сапардын алкагында алар бир катар социалдык объектилердин курулушун текшеришти. Анын ичинде:

  • Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери;
  • Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө мектебинин курулушу;
  • Түгөл-Сай айылындагы спорттук залдын курулушу;
  • Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу;
  • Чаек айылындагы Ч.Дүйшеева атындагы музыкалык мектептин кошумча корпусунун курулушу бар.

Пикир

Оставить комментарий