• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан 2 адамды издөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылында жайлоодо мал кайтарып жүрүп дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургунду издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн ӨКМден 18 куткаруучу, кошумча ички иштер органдарынан 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60, жалпы 93 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Ошондон бери издөө иштери жүрүүдө. Кечээ, 21-октябрда ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 23 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 73 жалпы 111 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий