• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Жумгалда дайынсыз болуп жаткандарды издөө бүгүн дагы уланууда

Аймак 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кеткен ата-бала 19 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн аларды издөөгө жалпы 14 адам тартылды. Анын ичинде 7 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам.

Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү Өрнөк айылынын тургундары 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий