• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Жумгалда дайынсыз жоголгон эки жаранды издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды

Аймак 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын учкучсуз учуучу аппараттар бөлүмүнүн кызматкерлери кошулду.

ИИМден билдиришкендей, учкучсуз учуучу аппараттар издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет.

Белгиленгендей, 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө тынымсыз уланууда. Издөө операциясына укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Эскерте кетсек, 16-октябрда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий