• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жунушалиев: Ататүрк паркынын кайтарылган аймактары эс алуу аймагы катары пайдаланылат

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бүгүн борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Жунушалиев КАтатүрк паркынын чек ара маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Шаар башчысы кайтарылган аймактар экологиялык абалды жакшыртуу максатында сейил бак катары пайдаланыларын белгиледи. Шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн көчөттөрдү отургузуу, жашыл аянтты көбөйтүү, шарттарды түзүү пландалууда.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аянты 107,0 га Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек аралары Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген чек араларды бекитүү токтомуна кол койгон.

Алсак, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Пикир

Оставить комментарий