• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Журналистке карата доонун кайра чакырылышы сөз эркиндиги артыкчылыктуу экенин билдирет – медиаэксперт

Коом 0

Бишкек 18.04.18. /Кабар/. Журналистке каршы доонун артка чакырылышы мурдагыдай эле сөз эркиндигинин баалуулуктарына артыкчылык берилерин билдирет, бизде буга өзгөчө көңүл бурулат. Президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго карата материалдык доосунан баш тартуусун ЖМК боюнча эксперт Марат Токоев ушундай түшүндүрдү.

Анын айтымында, президент өзүнүн аракеттери менен башка чиновниктерге үлгү көрсөтүп жатат.

“Эми алар журналисттерге каршы доо арыздарын жазууда ойлонушат. Бул ЖМКларга оң таасир бериши керек. Анткени жогорку деңгээлде жасалган нерсенин баары башка чиновниктердин баарына үлгү болуп саналат. Эгерде президент өзү ушундай үлгү көрсөтсө, анда чиновниктер журналисттерге карата доо арыздарын жазууда ойлонуп иш кылып калышат”, -деп белгиледи Токоев.

Эксперт бул сөз эркиндигине оң таасир бериши керектигин баса белгиледи. Акыркы жылдары жогорку кызматтагы чиновниктер журналисттерге карата доо арыз берип, миллиондогон суммаларды утуп алышууда.

“Бул өлкөбүздөгү сөз эркиндигине жана дүйнөлүк коомчулуктун баалоосуна терс таасирин тийгизди. Албетте, журналисттерге да терс таасир берет”, - деп бидирди Токоев.

Пикир

Оставить комментарий