• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Журналисттер союзу "ЖМК: кечээ, бүгүн жана эртең” аталыштагы республикалык конференция өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Журналисттер союзу “Жалпыга маалымдоо каражаттары: кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталыштагы республикалык конференция өткөрдү.

Иш-чара бүгүн, 31-январда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана өттү.

Конференциянын ишине президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Сабырбек Сардарбеков, маалыматтык саясат бөлүмүнүн, Жогорку Кеңештин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы, анын ичинде, республикалык, облустук, райондук ЖМК кызматкерлери, журналисттер, журналист кадрларды даярдаган жогорку окуу жайлардын окутуучу-профессорлору чакырылды.

Конференцияда сөз эркиндиги жаатында болуп жаткан окуялар туурасында пикир алышуу болду. Катышуучулардын пикиринде, өлкөдө сөз эркиндигин бар, бирок журналисттик этика маселелери сакталбай, маалыматтар бир жактуу кетип, мындай кадам демократиянын шылтоосу менен демагогияга алып барарына тынчсыздануусун билдиришти.

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин айтымында, конференциянын максаты журналисттер менен бийлик ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, мамлекеттин маалыматтык саясатын жайылтуудагы аракеттердин алкагындагы иштерди жакшыртуу. “Жылдын башталышы менен журналисттерди чогултуп, өткөн иштерге баа берип, келечектеги иш-пландарды тизмектеп алалы деген тилектерибиз бар”, - деди Султанбаев.

Конференциянын жүрүшүндө курч сын-пикирлер, омоктуу ойлор ортого салынып, жыйынтыгында кайрылуу кабыл алынды жана мыкты деп аныкталган журналисттер ар кандай номинациядагы сыйлыктар менен сыйланды.

Төмөндө Журналисттер союзунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик бийлик органдарына кайрылуусун толугу менен сунуштайбыз:

"Кыргыз Республикасында сөз эркиндиги, ар бир жарандын өз ой-пикирин, көз карашын билдирүү жана айтуу мүмкүнчүлүгү мыйзам менен кепилденген. Демократиялык өлкөлөргө таандык бул баалуулуктарды жана принциптерди бекем сактоо, ыйык тутуу жана өнүктүрүү баарыбыздын милдетибиз.

Эгемендүүлүк жылдарында биздин республикада мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасирдүү жана күчтүү институту түзүлдү. Журналисттик сөздүн, алардын жазгандарынын, көрсөтүүлөрүнүн жана уктурууларынын коомдук процесстерге тийгизген таасири улам артып бара жатат. Мамлекеттик органдардын кабыл алуу чечимдеринде журналисттердин пикири, сунуштары эске алына баштады.

Коомдук пикирди жаратууга таасир көрсөтүүдө, республикада болуп жаткан окуяларды туура чагылдырууда, маалыматты так, ыкчам жеткирүүдө, жарандар менен мамлекеттик бийликтин ортосунда диалогду түзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарына зор ишеним артылууда. Ушул жетишкендиктерди баалай жана сактай билели, ага доо кетирип албайлы.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө глобалдашуу маселелери менен катар маалыматтык технология абдан ыкчам өнүгүүдө. Салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар интернет айдыңында социалдык тармактын түрлөрү, алар аркылуу блогерлер жана башкалар пайда болду. Жарандар үчүн маалымат алуунун жаңы булактарынын көбүрөөк болушу бүгүнкү күндүн жакшы көрүнүшү.

Ушундай шартта биз жалпыга маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрүнө профессионалдуулукту көрсөтүүнү, кесиптик этиканы сактоону, маалыматты так, туура берүүнү жана чагылдырууну өтүнөбүз. Айрыкча сөз эркиндиги, ар кандай көз карашты, ой-пикирди билдирүү мүмкүнчүлүгү сөзгө болгон жоопкерчиликти да талап кылат.

Эзелтен элибиз сөзгө абдан этият мамиле жасаган, анын күчтүүлүгүн баалай, барктай билген. Таамай, так жана туура айтылган сөз катуу таасир берген. Калпыс, туура эмес айтылган, жалаа жана ушактар сөз эркиндигине, сөз касиетине доо кетирген.

Биз, урматтуу кесиптештер, элге таасир көрсөтүүнүн эң күчтүү, кубаттуу каражатынын, сөздүн ээлери экендигибизди унутпайлы, аны калыс жана адилет колдоно билели. Такталбаган, инсандын жеке намысына шек келтирген жалаа, ушактардан алыс бололу. Бардык иште кесипкөйлүктүн жогорку үлгүсүн көрсөтөлү.

Мамлекетти, бийлик органдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдарды так сактоого, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, өз ара түшүнүүчүлүк мамилени түзүүгө жана журналисттерге, ЖМК органдарына кысым көрсөтпөөгө, сөз эркиндигин сыйлоого, талаш-тартыш маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө чакырабыз!

Сөз, басма сөз эркиндиги баарыбыздын жетишкендигибиз, аны ыйык туталы жана сактайлы. 2023-жыл сөз айдыңында чыр чактаксыз жыл болушун каалайлы".

Пикир

Оставить комментарий