• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жусуп Баласагын атындагы КУУда Түрк мурастарынын борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Түрк мурастарынын борбору ачылды.

Борбордун жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев билдиргендей, борбор археология, тарых, этнография, фольклор, түрк тилдери жана адабияты боюнча иш алып барат.

Ошондой эле борбордун тарыхый-маданий объекттерди жана материалдык эмес мурастарды коргоого жана изилдөөгө багытталган программаларга колдоо көрсөтүүсү пландалууда.

“2022-2023-жылдары Кыргызстандын Азербайжадагы элчилиги тарабынан Түрк маданияты жана мурастары эл аралык фондусу менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча маселе каралган. Кол коюлган меморандумга ылайык, сентябрь айынын башында Түрк мурастарынын борбору ачылды. Борбордун ишмердүүлүгү түрк элдеринин маданиятын өз ара байытууга, каада-салттарды билүүгө жана достук байланыштарды чыңдоо максатында көздөйт”, - деди Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий