Кыргызстанда жыл аягына чейин 16 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Жыл аягына чейин 16 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, учурда президенттин тапшырмасына ылайык 100 мектепти бүткөрүү планына ылайык, 84 мектеп пайдаланууга берилип, дагы 16 мектеп пайдаланууга берүү стадиясында турат", - деди ал.

Ошондой эле Орунтаев белгилегендей, 2023-жылы 10 бала бакчанын курулушун бүткөрүу жана 1 бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөө пландалган, бүгүнкү күнгө карата 8 бала бакча пайдаланууга тапшырылды, калган 2 бала бакча жыл аягына чейин ишке берилерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий