• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жыл аяктоо алдында Жалал-Абаддагы алдыңкы кызматкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2020-жылдагы оор шартка карабай өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөткөн мекеме-ишканалардын кызматкерлерине Ардак грамоталарды ыйгарды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкүл коронавирус илдети каптап, аны менен күрөшүү, элдин ден соолугуна кам көрүүдө кызматкерлердин салымы чоң болгонун айтып, ыраазычылыгын билдирди. Облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууда ийгиликтерди каалап, майрам менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий