• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жыл башынан бери 103 миңдей ишкер "ЭТТК" маалыматтык системасын колдонууда

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Жыл башынан бери 102 миң 771 ишкер "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар" маалыматтык системасына катталып, аны колдоно баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан системаны бүгүнкү күндө 205 миң 416 субъект колдонуууда. Учурда 227 миң 327 активдүү кампа катталган.

Ишкерлер "ЭТТК" системасына 3 млн 803,5 товардын аталыштарын киргизип, 26 млн 109,2 миңден ашык электрондук коштомо кагаздарды тариздешти.

Белгилей кетсек, "ЭТТК" системасы менен иштөө үчүн ишкерлерге смартфон, планшет же компьютер гана керек болот.

Система cabinet.salyk.kg сайтындагы "Жеке кабинет" аркылуу же "Salyk.kg" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

ЭТТКны колдонуу салык процесстеринин ачыктыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана базардын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий