Бишкек, 25.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери 15 миң 700 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тесттен өткөн кызматкерлердин 44,1%ы гана канааттандырарлык деген жыйынтык алды.
“Былтыр тестирлөөдөн 9 миңдей кызматкер өткөн. Быйыл тесттен өткөндөрдүн саны 15 миң 700 адамга жетти. Тесттен өткөндөрдүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер экендигин айта кетүү керек. Тест тапшыргандардын 44,1 пайызы гана канааттандырарлык деген жыйынтык алды. Талаптарга ылайык, тесттен өтө албай калгандарга карата кайра тапшыруунун чеги жок. Адам окуп, өздөштүрүп өзүнүн жыйынтыгын жакшыртса болот. Жыйынтыгына жараша 1 жумадан 3 айга чейинки аралыкта кайра тапшыра алат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий