Жыл башынан бери Бишкекте батирлердин баасы 17,6%га чейин өскөн — статистика

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Борбор каалада 2024-жылдын 6 айында батирлердин чарчы метринин баасы 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,6%га, ал эми 2022-жылга салыштырмалуу 49,2%га өстү.

Сериялары боюнча батирлердин чарчы метринин наркынын өзгөрүү тенденциясы төмөнкүдөй:

  • 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер бул жылы 2022-жылга салыштырмалуу 45,2%га, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 16,7%га кымбаттады. 104-сериядагы эки бөлмөлүү батирлер 55,9% жана 22,1%га ,104-сериядагы үч бөлмөлүү батирлердин баасы 54,5% жана 24,5%га өстү;
  • 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер 15,5%дан 57,9%га (2023-жылга салыштырмалуу), эки бөлмөлүү батирлер 25,4%дан 53,3%га (2022-жылга салыштырмалуу) жана үч бөлмөлүү батирлер 14%дан 46,6%ке чейин кымбаттады;
  • 308-сериядагы бир бөлмөлүү батирлер 14,2%дан 46,4%га (2023-жылга салыштырмалуу) , эки бөлмөлүү батирлер 16,6%дан 46%га (2022-жылга салыштырмалуу), үч бөлмөлүү батирлер - 10,5 %дан 35,4%га чейин кымбаттады;
  • 2024-жылы жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлер 15,4%дан 31,7%га (2023-жылга салыштырмалуу) , эки бөлмөлүү батирлер 7,5%дан 25,7%га (2022-жылга салыштырмалуу), эки бөлмөлүү батирлер 7,5%дан 25,7%га, үч бөлмөлүү батирлер 27,8%дан 42,9%ке чейин, төрт бөлмөлүү батирлер 6,9%дан 28,1%га чейин көтөрүлдү.

Бишкектин райондорундагы жаңы имараттардагы батирлердин баасы:

  • Биринчи май районунда — чарчы метри 66 058 сом;
  • Ленин районунда — чарчы метри 59 696 сом;
  • Октябрь районунда — чарчы метри 66 493 сом;
  • Свердлов районунда — чарчы метри 56 210 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий