Жыл башынан бери Чүй облусуна 226,7 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. 2024-жылдын 4 айында Чүй облусуна 226,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 83,5 млн сом өлчөмүндө каржыланган:

  • теңдөөчү трансферт – 66,2 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 16,4 млн сом;
  • электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0,9 млн сом;

Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен - 143,2 млн сом бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий