• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Жыл башынан бери доллар 0,52 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 16.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. 2025-жылдын башынан тартып 14-январына карата АКШ долларынын расмий курсу 0,52%га, же болбосо 1 АКШ доллары 86,9963 сомдон 87,4500 сомго чейин өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы АКШ долларынын курсу 2,34 %га, же болбосо 89,0853 сомдон 87,9963 сомго чейин төмөндөгөн.

“2025-жылдын башынан тартып 14-январына карата алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында 79,00 млн АКШ долларын сатуу боюнча бир интервенция жасалган", - деп кошумчалашты Улуттук банктан.

Пикир

Оставить комментарий