• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жыл башынан бери дыйкандарга 4,1 млрд сомго миңден ашык техника лизингге берилди

Экономика 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Жыл башынан бери дыйкандарга 4,1 млрд сомго 1082 техника жеңилдетилген шарттарда лизингге берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын аягына чейин лизинг долбоорлору боюнча дыйкандарга 4,5 млрд сомго 1200 ашык техника берүү пландалууда.

Жалпысынан дыйкан-фермерлерге 17,7 млрд сомго 6998 даана техника берилген.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылууда.

Дыйкандарга механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, лизингдин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси менен министрлер кабинетинин колдоосунун негизинде "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору аркылуу 7 лизинг долбоору түзүлгөн.

Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингге айыл чарба техникаларынын бардык түрлөрү, кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулары женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6% пайызы менен 7 жылдык мөөнөткө лизингке берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий