• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жыл башынан бери ИИО кызматкерлерине 150 унаа, 21 мотоцикл берилди

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Ички иштер органынын кызматкерлерине 150 унаа, 21 мотоцикл берилди. Мындай маалымат Ички иштер министрлигинин 9 айдагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматта келтирилген.

ИИМден билдиришкендей, тиешелүү кызматтар жана бөлүктөр 600 даана компьютердик жана башка колдонуучу заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалды.

"Мунун бары материалдык-техникалык базаны чыңдап, милдеттерди ыкчам аткаруу үчүн өнөктөштөрдүн, демөөрчүлөрдүн жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий