• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Жыл башынан бери “Кыргызаэронавигация” 44 миңден ашык аба кемесине кызмат көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Жыл башынан бери “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы 44 миң 679 аба кемесине кызмат көрсөттү. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директору Төрөкелди Өмүров "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тейленген жарандык аба кемелеринин жалпы көлөмү транзитти кошкондо өткөн жылга салыштырмалуу 19,4%га же 7428 каттамга өстү.

“2024-жылдын 1-жарым жылындагы маалыматтар боюнча, аэродромдордун аймагында 21 миң 818 жарандык аба кемеси, 445 аскер учагы учуп-конгон. Ошондой эле 22 миң 416 учак транзит менен учкан”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий