• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жыл башынан бери Кыргызстанда 209 тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 209 тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, жер аянты 1724,2 гектарга көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеткен чарбакер субъекттердин саны республика боюнча 755ти түзүп, жалпы жер аянты 7181,1 гектарга жетти. Облустар боюнча Чүй облусунда – 116, Ысык-Көл облусунда – 127, Нарын облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 130, Баткен облусунда – 148, Жалал-Абад облусунда-218 субъект бар.

"Облустар боюнча тамчылатып сугаруу системасы 3610 га аянтка орнотулган: Ысык-Көлдө – 1875 га, Нарында – 98 га, Таласта – 17,1 га, Ошто – 420 га, Баткенде – 503 га, Жалал-Абадда – 658 га", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий