Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Быйыл жарым жылда Кыргызстанда 34 тамак-аш өнөр жай ишканасы ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, жыл аягына чейин алардын санын 40ка жеткирүү пландалууда.
Кыргызстанда азык-түлүк, суусундук жана тамеки чыгарган юридикалык жактардын саны 353тү, ал эми жеке ишкерлердин саны 10 миң 194тү түзөт.
Пикир
Оставить комментарий