• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Жыл башынан бери Кыргызстанда 529 чакырым жол асфальтталды

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. 2024-жылга чейин жалпысынан 1058 чакырым жолду оңдоо жана 700 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында Экономика, анализ жана стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, 9 айдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 529 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен бюджеттин эсебинен 439,3 км (91%), инвестициялык долбоорлор аркылуу 89,7 км жол (90%) курулган. Мындан тышкары, 128 450 м2 аянтка оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле ал артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу маалымат берди:

  • Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Балыкчы – Барскоон тилкесинде жолду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. 2024-жылга план 40 км болгон. 9 айдын жыйынтыгы менен 20,8 км жолго асфальт төшөлдү;
  • Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунда реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын планында 10 км каралса, 9 айда 7 чакырымына асфальт төшөлгөн;
  • Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолун капиталдык оңдоо иштери уланууда. Долбоор жасалма курулуштарды курууну камтыйт. 2024-жылга планда 40 чакырым жолго асфальт төшөө каралган болсо, 9 айдын жыйынтыгында 34,1 чакырым асфальтталды;
  • учурда Ош – Баткен –Раззаков унаа жолунун 19 чакырымы капиталдык оңдоодон өтүп, 3 көпүрө салынууда. 2014-жылдын планында 19 чакырым жолго асфальт басуу каралса, 9 айдын жыйынтыгында 6 чакырым жолго 4 тилкелүү асфальт төшөлдү;
  • Нарын – Баетов унаа жолунун 36-чакырымында да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө;
  • Кыргыз-кытай чек арасында жаңы "Бедел" өткөрүү пункту ачылды, министрлик Карасай-Бедел тилкесинде узундугу 58 км болгон убактылуу жолду курду.

Пикир

Оставить комментарий