Жыл башынан бери Кыргызстандын 41 ишканасы ЕАЭБдин реестрине кирди

Экономика 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын 5 айында Кыргызстандын 41 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпылап алганда учурда ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде Кыргызстандын 395 ишканасы бар.

ЕАЭБдин реестринде катталган ишканалар:

  • сүт азыктарын өндүрүү – 44,
  • бал өндүрүү жана сатуу – 67;
  • балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
  • эт азыктарын өндүрүү – 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
  • мал союучу ишканалар – 11;
  • тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10;
  • жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 122;
  • жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 13;
  • ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.

Буга кошо Кытайдын реестринде — 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестринде — 42 ишкана ( 17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары), Түркия мамлекетинин реестрине — 12 ишкана кирген.

Пикир

Оставить комментарий